Диетолог арыктайм дегендердин негизги каталарын атап берди

Адис эртең менен тоё тамактануу керектигин белгилеп, быштак, омлет жана сыр кошулган бутербродду жеп турууну сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Арыктайм дегендер күнүмдүк тамактанууда кандай каталарды кетире тургандыгын "Известия" басылмасы диетолог Александра Швецке таянуу менен жазды.

Адис белгилегендей, ашыкча салмактан арылуу үчүн туура тамактануу керек.

"Арыктайм дегендердин көбү ачка болбоо үчүн шекер кошулган кофе ичишет. Буга тыюу салынган. Ачуу суусундук ашказандын чел кабыгын бузат, шекерде болсо калорий көп. Кофени негизи тамактан кийин, ошондой эле күнүнө бир чашкадан, таттуусу жок ичүү керек", — деген адис.

Жашоо мүнөзүңдөн көз каранды! Арыктайм дегендердин 4 жаңылыш адаты
Келбеттүү болом дегендердин дагы бир катасы - эртең мененки тамактан баш тартуусу. Диетолог эртең менен тоё тамактануу керектигин белгилеп, быштак, омлет жана сыр кошулган бутербродду жеп турууну сунуштаган.

Швец ошондой эле күнүнө бир-эки жолу эмес, колдон келсе төрт саатта бирден аз-аздан азыктануу туура деген. Бул өзөк түшө ачка болуп, анан нык тоюп алып толуп кетүүнү алдын аларын айтып берген.