Мас энесинин ойгонушун күтүп отурган наристе. "Өспүрүм" рейдинен сүрөт

Психологдор балага квалификациялык жардам көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Чүй облусунда "Өспүрүм" деп аталган рейд өткөндүгүн Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Мас энесинин ойгонушун күтүп отурган наристе. "Өспүрүм" рейдинен сүрөт

24-июль күнү саат 08:00дөр чамасында Сокулук районунун милициясына 5-6 жаштагы кыз жеткирилген. Аны көчөдө мас болуп жаткан энесинин жанынан таап келишкен. Сүрөттөн энесинин качан ойгонорун күтүп, бактын жанында жөлөнүп турган кичинекей кызды көрүүгө болот. Ал эми энеси жерде, чөптүн үстүндө уктап жатат. 

Мас энесинин ойгонушун күтүп отурган наристе. "Өспүрүм" рейдинен сүрөт

Маалыматта психологдор балага квалификациялык жардам көрсөткөндүгүн жазды. Аны Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө убактылуу жаткырышкан. Энесинин ким экендигин аныктап, кайсы жерде жашарын билгиче кыз аталган жайда болуп турат.