Чабалактап уктай албай жатасызбы? Тынч уйкунун сыры ачылды

Илимпоздор уйку темасына байланышкан 5322 ишти анализдеп, ыктыярчыларга изилдөө жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Техас университетинин илимий-медициналык борборунун адистери уктаар алдында ысык сууга чайынуу уйкуну жакшыртат деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу макала ScienceDirect журналына жарыяланды.

Балалуу болууга шартың жок болсо, уругуңду тоңдуруп кой. Дарыгер менен маек
Илимпоздор уйку темасына байланышкан 5322 ишти анализдеп чыгышкан. Анын жыйынтыгында жатар алдында ыкчамыраак сууга чайынып алуу уйкуну жакшыртат деген бүтүмгө келишкен.

Дарыгерлердин айтымында, тынч уктоо үчүн жатаарга 1-2 саат калганда температурасы 40-42 градус болгон сууга чайынуу шарт.

Мындай ыкманы колдонгон ыктыярчылардын көбү уйкусу канып, кийинки күнү маанайы көтөрүңкү жүргөнүн айтышкан.