Радио

Мамбетов: Калкты тейлөө борбору мыйзам бузса 119га чалыңыз

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов Калкты тейлөө борборунун кызматкери тарабынан коррупциялык аракеттер байкалса call-борборго чалуу керектигин айтты.
Sputnik
Мамбетов: Калкты тейлөө борбору мыйзам бузса 119га чалыңыз

Жарандардан арыз, билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн 119 кыска номерлүү call-борбор каттоо кызматынын калкты тейлөөчү бардык пункттарында иштейт. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдөгү байланыш операторлорунан көрсөтүлгөн номерге чалуу акысыз.

"Өзгөчө аймактарда паспорт алууда "уулу", "кызы" деген графаны "ов" же "ова" кылып өзгөртүүнү каалагандар кездешет. Айрым учурларда мындай кызматы үчүн Калкты тейлөө борборунун кызматкери акча сурагандары да айтылууда. Эгер ушундай окуя болсо, бизге түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн 119 кыска номерине чалуу керек. Элден билдирүү кабыл алуучу кызмат Калкты тейлөө борборунун жумуш графигине ылайык иштейт. Башкача айтканда, 24 саат бою билдирүү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү азырынча жок. Бирок кандайдыр бир коррупциялык маселелерге дуушар болгон учурда милдеттүү түрдө бул номерге чалыш керек. Ар бир келген билдирүү жеке менин көзөмөлүмдө болот", — деди Мамбетов.

Аткаминер ошондой эле калкты тейлөө кызматтарынан прейскурант талап кылууну жана көрсөтүлгөн кызматка каражат төлөөдө чек суроо зарылдыгын кошумчалады.