Атамбаевди Москвага кимдер коштоп барат? Тизме

Мурдагы президентти коштоп кеткендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурдагы президентти Москвага коштоп кеткендердин тизмесин жарыялады.

Ал чакырган тарап «РусДжет» авиакомпаниясынын ВС: RRJ-95B үлгүсүндөгү учагын жибергенин белгилеген.

Делегациянын курамында Атамбаевден сырткары КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу, ЖК депутаты Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков бар.

Белгилей кетсек, Атамбаев Москвага ЖККУнун "Кант" авиабазасынан учуп кетерин айтып, Кой-Таштагы үйүнөн ошол жакты көздөй чыккан. Өз сөзүндө мурдагы президент Бишкекке 25-июлда кечинде келерин айтканы маалым.