Кыргызстандыктар Түрк элдеринин оюндарына катышты. Видео

Фестивалдын программасына кыз куумай, ат чабыш, көк бөрү сыяктуу көчмөндөрдүн ат оюндары кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктар Түркияда өтүп жаткан Түрк элдеринин оюндарына катышты.

Haberler басылмасынын маалыматына ылайык, этномаданий фестиваль 19-июль күнү Бурса шаарында башталып, бүгүн, 23-июлда, салтанаттуу аяктады. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия жана Татарстандан (Россия) делегациялар чакырылган. Мелдешке Түркиянын Ван провинциясын байырлаган этникалык кыргыздардын да келгени айтылган.

Фестивалдын программасына кыз куумай, ат чабыш, көк бөрү сыяктуу көчмөндөрдүн ат оюндары кирген. Мындан тышкары, келгендер жаачы менен мүнүшкөрлөрдүн, алп баатырлардын өнөрүнө да күбө болду. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулуп, кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсү өттү.

Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн атайын комитет түзүлдү
Беш күнгө созулган фестиваль учурунда келген меймандар көчмөн элдин турмушу менен таанышып, түрк элдеринин каада-салтын көрдү.

Кыргызстандан аталган иш-чарага 30дай киши катышкан, алардын арасында белгилүү жаачы Асланайым Аширова жана башка бир катар спортчулар бар. Айта кетчү жагдай, Ашированын сүрөтү фестивалдын башкы билбордуна жайгаштырылган. Кыргызстандык делегациянын курамында Нарындын "Шайыр апалары" да болду.

Белгилей кетсек, Асланайым Аширова март айында Сауд Аравияда өткөн Camel Fest фестивалында кырсыктап, буту жабыркаган.