Мүшөктү ачса эле... маймыл. Казакстанга 26 жаныбарды алып келе жаткан киши кармалды

Чек арачылар автоунааны ачып караганда 26 маймыл сегиз мүшөктүн ичинде жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиядан Казакстанга 26 маймыл алып кирип келе жаткан киши чек арадан кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстанда 131 ташбаканы чемоданга салып бараткан жаран кармалды. Сүрөт
Тирүү жаныбарларды Россиянын 40 жаштагы жараны жеке автоунаасына жүктөп келе жатканда Актөбөдөгү "Жайсаң авто" чек ара бекетинен токтотушкан. Текшергендер автокөлүктү ачып, 26 маймылдын сегиз мүшөктүн ичинде буулуп турганын аныктаган. Текшере келгенде жаныбарларды алып өтүү боюнча тиешелүү документтери жок болуп чыккан. 

Натыйжада чек арачылар мыйзам бузган жаранды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берген. Ал эми маймылдар Мартук районунун ветеринардык инспекциясына тапшырылган. Эми ошол жерден жаныбарлардын кийинки тагдыры чечилет.