Борбордогу дрифт турниринде элди сүзгөн унаа. Кырсыктын жаңы видеосу

Кырсыктан беш киши жабыркап, экөө ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik."Короче" Telegram-каналы Бишкектеги дрифт турниринде болгон окуянын жаңы видеосун жүктөдү.

Автор тарткан видеодо унаа анын жанында кырсыктаганын көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-июнда, Бишкектеги "Жеңиш" аянтында дрифт боюнча Gradus Cup аталышындагы чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда Toyota Mark I автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, элди көздөй күү менен кирип кеткен. 

Бишкектеги дрифт турнирде элди коюп кеткен унаа тууралуу эмне белгилүү?
Милиция кырсыкты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, рулда 32 жаштагы киши отурган.

Катышуучулар менен коноктордун коопсуздугун эске алуу менен мелдешти өткөрүү үчүн уруксатты Свердлов райондук администрациясы берген. Окуядан кийин мэриядан дрифт өңдүү турнирлерге тыюу салуу пландалып жатканын билдиришти.