Жээнбеков Алайдын алыскы айылдарына барды. Эл кандай арыз-муңун айтты?

Алайдын айылдарына барып, эл арыз-муңун айтты. Сүрөттөр Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча өзүнүн жумушчу сапарын улантууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барып, элди түйшөлткөн маселелер менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү экени айтылды.

"Сары-Таш айылындагы №39 орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө", —деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугуна даттанышты.

Сооронбай Жээнбековдун алдында аскерлер айбатын көрсөтүштү. Сүрөттөр
Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда Сары-Ташта 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Ал эми Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктарын убадалады.

Мындан тышкары, мамлекет башчы тургундар көтөргөн бардык маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берилерин кошумчалады.