Токтогулда автоунаалар бетме-бет кагышып, ата-бала ооруканага түштү. Сүрөт

Кырсыктын кесепетинен үч адам Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Токтогул шаарында эки унаа кагышып, үч адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 18-июлда саат 23.50лөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 291-чакырымында болгон.

"Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну Mersedes Benz унаасы менен Ош шаарынан чыгып, борбор тарапка бара жаткан. 39 жаштагы жаран Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаасы менен Ошту көздөй келатып рулду башкара албай калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында экөө кагышып, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу менен анын 15 жаштагы уулу ооруканага түштү.

"Төртүнчү киши табыла элек". ӨКМ суудан чыгарылган машинада эч ким жоктугун айтты
Экинчи унаадагы айдоочу да ооруканага кайрылып, медициналык жардам алган.

Бул факты учурда Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси («Жол коопсуздугунун эрежелеринин сактабоо») боюнча катталды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эки унаа тең айып короого киргизилди.