БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Instagram колдонуучулары баракчасына жүктөгөн сүрөт, видеолоруна канча адам же ким лайк койгонун өзү гана көрө алат. Учурда мындай функция Австралия жана Япония баштаган жети өлкөдө сыноодон өтүп жатканын Instagram сервиси Twitter баракчасына жарыялады.
Instagram өткөн айда колдонуучуларынын арасындагы кемсинтүүнү азайтуу максатында лайктарды жашыруун түргө өткөрүүнү убада кылган. Бул кээ бир колдонуучуларга жакса, айрымдары Twitter аркылуу #instagramdelete хештеги менен жактырбаганын билдирүүдө.
Instagram сервисинин Австралия жана Жаңы Зеландия боюнча жооптуу кызматкери Миа Гарлик бул бир катар колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болорун айткан. Мындай система катталуучусу аз адамдарга "эч ким лайк койгон жок" деп корунбай эле аталган кызматты пайдалана берүүсүнө жол ачат деп түшүндүргөн.