ИИМ Атамбаевди күч менен кармоо боюнча тараган билдирүүгө үн катты

18-июлда Атамбаевге үчүнчү ирет чакыруу кагазын берген. Ага ылайык, мурдагы президент 19-июлда саат 10:00дө ИИМдин имаратына келиши керек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күч менен кармалышы боюнча тараган билдирүү боюнча түшүндүрмө берди.

18-июлда Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурдагы президентти күч менен кармап кетүү пландалып жатканын кабарлаган.

ИИМдин маалымат кызматы Жолдубаеванын жазгандарын төгүнгө чыгарды.

"Бизде андай маалымат жок. Биз аны чакырганыбыз чын. Эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү таратып жатканы бизге белгисиз. Бул жалган маалымат", — деп ИИМден билдиришти.

18-июлда Атамбаевге үчүнчү ирет чакыруу кагазы келген. Ага ылайык, мурдагы президент 19-июлда саат 10:00дө ИИМдин имаратына келиши керек болчу. Мурдагы мамлекет башчысы буга чейин келген эки чакырууга барган эмес. Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшүшү керектигин белгилеген.