ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Курманбек Бакиевдин тууганы шотландиялык офшорлор аркылуу белоруссиялык корпорациянын 22,5 пайызын көзөмөлдөп турары белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Беларусь улуттук биотехникалык корпорациясында Курманбек Бакиевдин тууганы Асылбек Салиевдин үлүшү бар экендигин жергиликтүү Naviny.by басылмасы жазып чыкты.

Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
31 жаштагы Асылбек Салиев — мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин уулу. Британиялык реестрдин маалыматы боюнча, ал шотландиялык Altastar LP жана Maxforse LP компанияларын көзөмөлдөйт. Реестрдин сайтындагы маалыматка ылайык, эки компанияда тең үлүштөрү 75 пайыздан жогору экендигин байкоого болот.

Өз кезегинде Altastar LP компаниясынын 11 пайыз үлүшү, Maxforse LP компаниясынын 11,5 пайызы Белоруссия улуттук биотехникалык корпорациясына таандык экендиги белгилүү болду. Мындайча айтканда, Асылбек Салиев шотландиялык офшорлор аркылуу аталган корпорациянын 22,5 пайызын көзөмөлдөйт.

Белоруссиянын корпорациядагы үлүшү 25 пайызды түзөт. Кытайлык CITIC International Investments Ltd жана COFCO Corporation ири компаниялардын пайызы 20 жана 9дан туура келет. Уставдык фонддогу 1 пайыз - россиялык "Вирен-Инвест" компаниясына тиешелүү.

Британиялык реестрде Асылбек Салиев Белоруссиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашаары айтылат. Ал Кыргызстанда гезиттер менен соттошкону менен белгилүү. Тагыраагы, 2008-жылы "Алиби" жана "Де-факто" гезиттериндеги анын унаа кырсыгына тиешеси бар деген маалымат беделине шек келтиргенин айтып, миллион сомго доомат койгон. Сот Салиевдин тарабында болгон.

Жакында эле Асылбек Салиев Курманбек Бакиевдин атынан Москвада ооз ачуу уюштурганы айтылган.

Жүздөгөн адамдын каны төгүлүп... Апрель революциясын эске салган 18 сүрөт
Беларусь улуттук биотехникалык корпорациясы Пуховичи шаарчасындагы 160 гектар жерге аминокислоталар, кошмо тоют жана премикс чыгарган ири комплекс салып жатканы айтылат. Долбоордун жалпы суммасы 733 миллион долларды чапчыйт. Анын ишке ашышына Кытайдын "Эксимбанкы" 628 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн.

Корпорациянын директору Даниил Урицкий, тагыраагы, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов болуп эсептелет.

Беларусь улуттук биотехникалык корпорациясынын топ-менеджерлери болуп мурдагы белгилүү аткаминер Надежда Котковец жана президенттик администрациянын орун басарынын уулу Илья Снопков саналат.