Атамбаевдер аны "кармоого" каршылык көрсөтүүгө кантип даярданып жатышат. Сүрөт

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева  Facebook баракчасына мурдагы президентти кармоо боюнча даярдыктар туурасында жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таш айылындагы үйүнүн аймагына жайгашкан элдик штабда кармоо болуп кетиши мүмкүн деген тейде каршылык көрсөтүүгө даярданып жатышат.

Учурда ал жерде 200гө чукул тарапташтары жүрөт.

18-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди милиция күч менен кармап алууну пландап жатканы туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

Ал эми ИИМ бул боюнча өздөрүнүн комментарийин берди. Аларда мындай маалымат жоктугун жана эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү таратып жатканы белгисиз экендигин айтышкан. 

Мурдагы президентке сурак берүү үчүн кагаз биринчи жолу 8-июлда, андан кийинки кагаз 10-июлда келген. Бирок Атамбаев азыркы бийликти "укуктук талаадан чыгып кетти" деп, тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Алмазбек Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет чакырылды. Сүрөт
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.