БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Солтон-Сары чуусу боюнча эл чогулуп "Zhong Ji Mining Company" кытай-кыргыз ишканасы ишин токтотсун» деген талап коюп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкекте журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
"Учурда компания ишин токтоткон жок. Элге атайын комиссиянын иши аяктагыча күтө тургула деп сурандык. Буга беш күн талап кылынат", — деди Кайыпов.
Буга чейин Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жайгашкан үч айылдын тургундары кой-козунун жапырт кырылып жатканын билдиришкен. Буга мал ээлери кытайлык ишкананы күнөөлөп жатат. Иштин чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кытай компаниясынын кызматкерлери жана жай тургундар кирген.
Алтын кенин иштеткен кытай ишканасы тууралуу 7 факты менен таанышыңыз.