БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар-жогун толугу менен көрсө болот.
"Бул документти электрондоштуруу менен эми арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбай калат. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап билип алышат", — деп жазылат маалыматта.
Аталган программа Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, "Инфоком" компаниясы тарабынан иштелип чыккан.