Бишкекте дагы бир көпүрө пайда болот. Салынып жаткан курулуштун сүрөтү

Узундугу 36 метр болгон көпүрө жай айынын аягына чейин бүтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектеги Токтоналиев көчөсүнө салынып жаткан көпүрө бүтүү алдында турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бир да техника колдонулган жок. Баткендин Зардалысына барчу жолго көпүрө курулду
Жаңы көпүрө Токтоналиев көчөсүн Медеров көчөсү менен бириктирет. Анын узундугу 36 метр болуп, туурасы 15 метрди түзөт. Маалыматка ылайык, көпүрөнүн курулушунун 90 пайызы бүтүп калды.

Учурда магистралдык жылуулук куурлары коюлуп жатат. Андан сырткары, Токтоналиев менен Медеров көчөлөрү оңдолууда. Бардык иштерди жай айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Токтоналиев көчөсү Кытайдын берген грантынын эсебинен "Жолдорду өнүктүрүү" долбоорунун биринчи фазасында ишке ашырылууда.