Билл Гейтс миллиардерлердин тизмесинде үчүнчү сапка түшүп калды

Гейтс буга чейин жети жыл катары менен биринчиликтен түшкөн эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Bloomberg Billionaires Index рейтингинде жети жылда биринчи ирет үчүнчү орунга түштү. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Дүйнөдөгү эң бай киши Жефф Безос аялы менен мүлкүн бөлүштү
Бул ирет дүйнөдөгү эң бай адам деп Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арно табылды. Ал жетектеген компания 107,6 миллиард доллар деп бааланды. Ишкер болсо бир жылда эле байлыгын 39 миллиард долларга көбөйткөн. Ошентип Арнонун байлыгы Гейтске салыштырмалуу 200 миллион долларга көп.

Экинчи орунду Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээледи.

Гейтстин эң бай адамдардын тизмесинен жылмышып түшүшүнүн себеби бар. Ал 35 миллиарддан ашык долларды Билл жана Мелинда Гейтс фондуна кайрымдуулук катары которгон.

Үч миллиардердин каражаты S&P 500, Walmart, Exxon Mobil жана Walt Disney өңдүү компаниялардын байлыгынан ашып түшөт.