АКШ сенатору: Россиянын FaceApp тиркемеси улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат

Россиянын Wireless Lab компаниясы болсо колдонуучулардын маалыматтары эч кимге сатылбай турганын айтып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. АКШ конгрессинин сенатындагы демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумер россиялыктар тарабынан иштелип чыккан FaceApp тиркемеси АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтып, ФБРдин жетекчисине кат менен кайрылды. Ал тийиштүү катты өзүнүн Twitter баракчасына жайгаштырган.

​FaceApp тиркемесин россиялык Wireless Lab компаниясы иштеп чыккан. Анын жардамы менен адам чач жасалгасын өзгөртүп, бетине боек коюп, денесине татуировка коюлган сүрөттөрдү жасай алат. Мындан сырткары, тиркеме аркылуу адамдын келбетин картайтып жана кыздарды эркекке, эркектерди кыздарга айландырган суротторду жасоого болот. Тиркеме дүйнө жүзүнө тарап, тез эле популярдуу болуп чыга келди.

"FaceApp тиркемеси аркылуу түрдүү сүрөттөрдү жасаса болот экен. Бирок аны колдонуу үчүн жарандар компанияга жеке сүрөттөрүн жана маалыматтарын кароого уруксат бериши керек", — деп Шумердин катында айтылат.

Британиянын АКШдагы элчисинин жазышкан каттары элге жайылып, ал кызматтан кетти
Ал, ошондой эле, тиркеме аркылуу тартылган сүрөттөр кийин колдонуучунун уруксаты жок башка максатта пайдаланылышы мүмкүндүгүн белгиледи. Анын айтымында, FaceApp миллиондогон америкалык жарандардын жеке маалыматтарына кооптуулук жаратат. Саясатчы ФБРди бул маселени териштирип чыгууга чакырды.

Ал эми Wireless Lab компаниясы TechCrunch порталына берген түшүндүрмөсүндө, серверге колдонуучу тандаган гана сүрөтү келерин билдирген.

"Жүктөлгөн сүрөттөрдүн көбү 48 сааттын ичинде өчүрүлөт", — дешти компаниядан.

Алар ошондой эле колдонуучулардын маалыматтары эч кимге сатылбай турганын белгилешкен.