ШИИБ: ЦУМдун курулуп жаткан имаратынан киши кулап каза тапты

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкектеги ЦУМдун курулуп жаткан имаратынын төртүнчү кабатынан киши кулап каза тапты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Нигериянын сенатору мекендешинин өлүмү үчүн кыргыз бийлигин жоопко тартууга чакырды
Окуя 12-июль күнү саат 15:10до болгон. 30 жаштагы киши курулуп жаткан имараттын түндүк тарабынан кулаган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок, тилекке каршы, өзүнө келбей көз жумган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси ("Этиятсыздык менен киши өлтүрүү") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.