ЕККУнун өкүлү Киевди журналист Вышинскийди бошотууга чакырды

Украинанын Башкы прокуратурасы Россиянын жарандыгын алган, "РИА Новости Украина" агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 2018-жылдын 15-май күнү колго түшүрүп, аны "мамлекетке чыккынчылык кылды" деген айып менен жоопко тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Украина бийлиги "РИА Новости Украина" порталынын жетекчиси Кирилл Вышинскийди эркиндикке чыгарышы керек. Мындай пикирин ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир "Санарип трансформациянын шарттарындагы эркиндик жана ЖМКнын плюрализми" аттуу конференцияда сүйлөп жатып айтты.

Ал журналисттин кармалышына тынчсызданып жатканын белгиледи.

"Мен украин бийлигин Кирилл Вышинскийди бошотууга чакырам. Журналисттер өзүнүн профессионалдык кесиби үчүн түрмөгө отурбашы керек. Ал ак дилден өзүнүн милдетин аткарып жаткан", — деди Дезир.

Сот Вышинскийди абакта 22-июлга чейин калтырды
Эске салсак, Украинанын Башкы прокуратурасы 2018-жылы Россиянын жарандыгын алган, "РИА Новости Украина" агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 15-май күнү колго түшүрүп, аны мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Херсон соту аны 17-майда камакка алуу чечимин чыгарган. Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. РФ президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге басма сөз өкүлдөрүнө басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган нота жиберген.