Олег Панкратов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болду

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Мурдагы экономика министри Олег Панкратов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болду. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы кол койгондугун президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Панкратов министрликтин ишине карата өкмөт, президент тарабынан айтылган сындардан улам өз ыктыяры менен май айынын аягында кызматтан кеткен болчу.