Маалымат борбор

"КРде бильярд боюнча өтчү чемпионатка даярдык кандай" деп аталган видео көпүрө өтөт

Урматтуу кесиптештер, сиздерди "Кыргызстанда бильярд боюнча өтө турган чемпионатка даярдык" деп аталган видео көпүрөгө чакырабыз.
Sputnik

Иш-чара 16-июлда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.

Августта көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде аялдар жана эркектер арасында бильярд боюнча "Эркин пирамида" деп аталган Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Иш-чара Евразиялык экономикалык биримдиктин келишиминин кол коюлушунун беш жылдыгына арналган.

Чемпионатты Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясы менен өкмөттүн алдындагы Евразиялык экономикалык комиссия уюштуруп жатат.

Видео көпүрөнүн катышуучулары иш-чаранын уюштурулушу жана ага көрүлгөн даярдык боюнча айтып беришет.

Бишкектен катыша тургандар:

Ишенбек Жакыпбекович ЖАКЫПБЕКОВ — Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын вице-президенти;

Каныбек Калыгулович САГЫНБАЕВ — бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону;

Кишиневдон катыша тургандар:

Сергей Петрович САПИГОРА — Молдованын Бильярд боюнча федерациясынын төрагасынын орун басары;

Минскиден катыша тургандар:

Юрий Николаевич ЧЕРВАНЕВ — Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын калыстар коллегиясынын башчысы;

Москвадан катышкандар:

Данияр ТУРУСБЕКОВ — ЕЭКтин Протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору;

Яков ФИРСОВ — Бильярддын пирамида түрү боюнча эл аралык конфедерациясынын башкы катчысы жана аткаруучу директору;

Сергей КРЫЖАНОВСКИЙ — бильярддын эркин пирамида түрү боюнча учурдагы чемпиону.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.