Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет август айында Кыргызстандын аймактарында аба ырайы кандай боло турганын жарыялады.
Sputnik

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы көп жылдык климаттык норманын чегинде болуп +22…+24 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +15…+17 градус жылуу болот. 

Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +15…+20 градус жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз +25…+30 градус ысыктан +32…+37 градус ысыкка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. 

Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы

Жаан-чачындын айлык көлөмү көп жылдык норманын чегинде болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 11-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-31 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20 градустун тегерегинде болот. Ошол эле учурда күндүз +25...+30 градус ысык болсо, түнкүсүн +10...+15 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Орточо айлык температура +23…+25 градус ысык болот. Түнкүсүн +15...+20 градус жылуу болсо, күндүз +31...+36 градуска чейин ысыйт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +10…+15 градус, күндүз +25…+30 градус ысыктын тегерегинде болот. Жаан-чачындын көлөмү нормадан ашпайт.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көлдө августта абанын айлык орточо температурасы +16...+18 градустун тегерегинде болот. Түнкүсүн +10…+15 градус жылуу болсо, күндүз +20…+25 градус ысык болот. Ашыкча жаан-чачын деле күтүлбөйт.

Нарын облусу

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын орточо температурасы +16...+18 градустун тегерегинде сакталат. Түндө +6…+11 градус жылуу болсо, күндүз +20…+25 градуска чейин ысыйт. Бирок август айы жаанчыл болот.