Мечитте кайрымдуулук үкөгүндөгү акча уурдалып, шектүүлөр кармалды

Уурулук 10-июлда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Милянфан айылындагы мечиттен кайрымдуулук үкөгүндөгү акча уурдалган. Учурда эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Түндө чатырдан кирген. Кызыл-Кыяда авиакассаларды тоногон делген жаран кармалды
Милициядан маалымдашкандай, уурулук фактысы 10-июлда болгон. Канча акча уурдалганы айтылган эмес.

Шектүү катары 21 жана 23 жаштагы кишилер кармалды.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.