Бишкектиктерге юристтер бекер кеңеш берет. Даректери

Жактоочулар социалдык кызматтар, жер маселеси боюнча талаштар жана башка укук бузуулар боюнча кеңеш беришет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектин райондук администрацияларында юридикалык жактан бекер жардам берген борборлор ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борборлор БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Юстиция министрлиги жана Кыргызстандын адвокатурасы тарабынан ачылды.

Жактоочулар социалдык кызматтар, жер маселеси боюнча талаштар жана башка укук бузуулар боюнча кеңеш беришет.

  • Райондук администрациялардын даректери:
  • Октябрь району — Абдрахманов көчөсү, 17;
  • Свердлов району — Чүй проспектиси, 28;
  • Ленин району — Чүй проспектиси, 315;
  • Биринчи Май району — Жибек Жолу проспектиси, 348.