Футболчу Валерий Кичин жаңы клуб менен келишим түздү

Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу буга чейин "Енисей" клубунда ойноп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин Белоруссиянын "Динамо Минск" футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы Facebook баракчасына жарыялады.

Ал эми "Динамо Минск" футбол клубунун расмий сайтында келишим 13-июлда түзүлгөнү кабарланды.

Бразилия футбол боюнча Америка чемпиону болду
Эске салсак, Кичин буга чейин Россиянын "Енисей" клубунан кеткени маалым болгон. Ал жакта футболчу 2016-жылдын жай айынан бери ойноп келген. Кичин буга чейин "Тюмень", "Анжи" сыяктуу бир катар клубдарда ойногон.

Жакында эле немистердин белгилүү Transfermarkt.de басылмасы Кыргызстандын курама командасы бир нече эсе кымбаттаганын жазган. Алардын баасы боюнча эң кымбат оюнчу Валерий Кичин болгон. Эгер башка клубга өтсө 1,2 миллион евро болору белгиленген.