Ошто соода түйүндүн күзөтчүлөрү менен жигиттер мушташа кетти. Видео

Ош шаарында "Келечек" соода түйүнүнүн алдында күзөтчүлөр менен мушташкан жигиттер видеого тартылып калган.
Sputnik

Кадрдан ак футболка кийген баланын улам бир күзөтчү менен урушуп жатканын көрүүгө болот. Андан соң ал ары жактан эки күзөтчү менен кармашып, мушташа кеткен. Массалык мушташтын арасында кыздарды да көрүүгө болот. Алар күзөтчүлөргө кол көтөрүп, бири соода түйүндү кайтарган адамдын колундагы рацияны жерге ыргытып жиберген.

Чүйдө суу талашкан кошуналар мушташа кетти
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков күзөтчүнү сабады деген шек менен 24 жаштагы киши кармалганын кабарлады.

Анын айтымында, шектүүнү колго түшүрүүгө шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери жана атайын даярдыктагы отряды тартылган.

"Кылмышка шектелип жаткандардын бири 13-июль күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн кармалды. Ал шериги менен 2019-жылдын 11-июлуна караган түнү саат 01:00дөр чамасында Ош шаарындагы соода түйүндөрдүн биринде күзөтчүнү себепсиз сабаган. Ошондой эле анын рациясын талкалашкан", — деди Сыдыков.

Балдарынын беттешине күйөрмандык кылып келген ата-энелер мушташты. Видео
Кармалган адам 24 жашта. Буга чейин ал кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар менен жакын мамиле түзүп, соттолуп чыккандыгы маалым болду.

Буга чейин соцтармакта атайын даярдыктагы отряддын эки кызматкери унаада отурган жигитти колундагы куралы менен уруп жаткан видео тараган болчу.

"Шектүүнү кармоо учурунда милиция кызматкерлери укук бузуп, ката кетирсе аны ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирет", — деди Сыдыков.

Күзөтчүгө кол көтөргөн факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта анын шеригин кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат.