Физиктер көңүлдөгүдөй блинчик жасоонун сырын ачышты

Ал үчүн окумуштуулар атайын эксперимент жасап, изилдөө жүргүзүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Франция менен Жаңы Зеландиянын физиктери көңүлдөгүдөй блинчикти бышыруунун сырын ачышты.

Окумуштуулар атайын изилдөө жүргүзүп, кандай болгон учурда блинчик күйбөй текши быша турганын билүүгө аракет кылышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Physical Review Fluids журналы жазды.

Кыргызстанда ашканадан тамактануу канча турат. 15 жылдын графиги
Адистердин баамында, блинчикти бышырууда табанын көлөмү менен ысыктыгы, камырдын ачышы менен жабышчактыгы маанилүү. Эгер сиз күйгүзбөй, көпчүлүккө жага тургандай блинчик бышырууну самап жүрсөңүз, суюк камырды табанын дал ортосуна куюп, аны 10 градус жантайтып, камыр табанын кырына келгенде ал толук жайылгыдай кылып табаны айлантасыз. Эми блинчик бышканга чейин отко кармайсыз.

Изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар дал ушундай ыкма көңүлдөгүдөй блинчик жасоого шарт түзөт деген корутунду чыгарышкан.