Денесин калтырак баскан Меркель: эми жолугушуулардын протоколу өзгөртүлдү

Протоколдогу өзгөрүүлөр канцлер айымдын саламаттыгына байланыштуу болду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен болгон жолугушууда эки мамлекеттин гимнин отуруп укту. Bild басылмасынын жазганына караганда, протоколдогу мындай өзгөртүү Меркелдин саламаттыгына байланыштуу.

Себеби Меркель көпкө туруп калганда денесин калтырак басып, өзүн ыңгайсыз сезүүдө.

"Курманжан датка" орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты
10-июлда Ангела Меркель Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен жолугуп жатканда денесин үчүнчү ирет калтырак баскан болчу. Кийин Меркель журналисттерге өзүн жакшы сезип жатканын, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирген.

Буга чейин ушундай эле көрүнүш Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон расмий жолугушууда болгон. Андан көп өтпөй эле Меркель өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп жатканда денесин капысынан калтырак баскан.