6 айдан бери жок! Ошто чиедей 2 кыздын энеси экинчи ирет жоголуп кетти

Кыздарды багып алуу ниети менен эки үй-бүлө Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгына кайрылган.
Sputnik

ОШ, 13-июл. — Sputnik. Ош шаарында ижарага алган батирге эки кичинекей кызын кароосуз калтырып кеткен эне жарым жылдан бери кайрадан дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

6 айдан бери жок! Ошто чиедей 2 кыздын энеси экинчи ирет жоголуп кетти

Бул эне ушуну менен экинчи ирет жок болуп кетти. Биринчи жолу январь айында 31 жаштагы келин ижарага батир алып, кичинекей эки кызын ошол үйгө калтырган бойдон кетип калган. Мындан улам бөбөктөр Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгына өткөрүлгөн. Энеси 10 күндөн кийин келип, Кара-Суу районундагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштеп жүргөнүн айткан.

Бирок ал кыздарын өзүнө албай, көрүп эле кетип, алты айдан бери кайра кайрылып келбегени белгилүү болду.

"Өзүн кыздардын энесимин деп тааныштырган келин бир жолу келген боюнча кайра кайрылган жок. Балдары тууралуу эч кандай маалымат ала албадык. Себеби алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Учурда улуусу Оштогу интернат үйүнө которулду. Кичүүсү Ош шаарындагы балдарды реабилитациялоо боюнча адистештирилген үй-бүлөлүк борбордо тарбияланып жатат",— деген Раева.

Акыйкатчынын аппараты: эжесинен качкан кыздар атасына да кереги жок экен
Ошондой эле ал энеси таштап кеткен кыздарды багып алуу ниети менен социалдык башкармалыкка эки үй-бүлө кайрылганын кошумчалады. Бирок кыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан асырап алганга берүү мүмкүн эмес.

Учурда Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан эки кызга метрика алуу аракети көрүлүп жатат. Андан соң бөбөктөр башка үй-бүлөгө багып алууга берилет.

Буга чейин башкармалык тарабынан кыздардын энеси алты ай бою дайынын билдирбесе, энелик укугунан ажыратыла тургандыгы айтылган.