Шевченко ага чакырык таштаган эркек мушкерге жооп кайтарды

Сехудо мушкер Шефченкодон сырткары Нуньести дагы октагонго чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко эки салмак категориясы боюнча чемпион Генри Сехудонун чакырыгына Twitter баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

​Кечээ, 11-июлда, эки салмак категориясы боюнча UFC уюмунун чемпиону Генри Сехудо аял мушкерлер Валентина Шевченко менен Аманда Нуньести беттешүүгө үндөгөн. Сехудо ал болгону "алтын издөөчү" экенин айтып, кимдин алтыны болсо аны тартып алууга даяр экенин белгилеген.

"Менин алтынымды тартып аларыңа ишенесиңби? Ал менин Glock 19 тапанчам менен дайыма жакшы корголгон", — деп жазды Шевченко.

Макгрегордун машыктыруучусу түнкү клубда башка жеди. Мушташтын видеосу
Сехудо Марлон Мораести UFC 238 турниринде техникалык нокаут менен жеңип, эң жеңил (57 килограммга чейин) жана жеңил салмак (61 килограммга чейин) категориялары боюнча чемпион атыкты. Беттеш учурунда Сехудо олуттуу жаракат алган. ЖМКлардын жазганына караганда, мушкер жаракатын калыбына келтирүү үчүн бери болгондо жарым жылдай октагонго чыкпайт.

Эске салсак, Аманда Нуньес орточо жеңил (66 килограммга чейин) жана жеңил (61 килограммга чейин) салмак боюнча, ал эми Валентина Шевченко эң жеңил салмак боюнча (57 килограммга чейин) UFC чемпиону.