Жакындап калды! Салык кызматы элге эскертти

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калганын эскертти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

"Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат", — деп айтылат маалыматта.

Кадыресе көрүнүш. Өкмөт эмнеге салык аз чогулуп жатканын түшүндүрдү
Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлкү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.