Депутаттын уулу аралашкан кырсыкты тергөө райондон облуска өттү. Эмнеге?

Буга чейин ишти Ысык-Көл райондук милициянын тергөөчүлөрү териштирип жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында болгон автокырсыкты тергөө ишин облустук милицияга өткөрүп берди. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Мунун себеби окуя коомчулуктун көңүл чордонунда болгондуктан, дыкат иликтөө үчүн тажрыйбалуу тергөөчүлөргө берилгени менен түшүндүрүлдү.

"Бул кырсык коомчулукта резонанс жаратууда. Райондук тергөөчүлөр жаш, тажрыйбасы аз болгондуктан иш облустук тергөө башкармалыгына өткөрүлдү. Эми бул ишти оор кылмыш иштерин ачып жүргөн тажрыйбалуу тергөөчүлөр иликтейт", — деп айтылат маалыматта.

Зуулдап өтүптүр! Депутаттын уулу катышкан кырсык учуру видеого түшүп калган
Эскерте кетсек, 7-июлда таңга жуук Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болгон.

Буга чейинки маалыматтарда BMW Х-7 унаасын Элдияр Халмурзаев аттуу 23 жаштагы жаран айдап келе жатканы айтылган.