ТИМ: Түркияда октон каза тапкан жигиттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

Сөөк Түркиядан Бишкекке бекер жеткирилет.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Түркиянын Анталья аймагында киши колдуу болгон 23 жаштагы кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Сузакта 11 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген эжеси: биринчи буттарын байладым
7-июлда М. Иманалиев аттуу жаран ок жеп каза тапкан. Шектүү окуя болгон жерден качып кетип, бирок коңшу райондон кармалган. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, эки киши айтышып жатып мушташа кетишкен. Андан соң ок атылган

Стамбулдагы Башкы консулдуктун берген маалыматы боюнча, Иманалиевдин сөөгү Кыргызстанга Анталья — Стамбул — Бишкек каттамы боюнча жөнөтүлөт. Түркиянын авиакомпанияларынын бири менен сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада сөөк бекер жеткирилмей болгон.

Ал эми Антальядан Стамбулга чейинки жол кире менен башка чыгымдарды маркум мурда иштеген компания төлөп берет.