RT испан каналынын билдиришинче, Мехико шаарындагы стадиондордун биринде балдарынын футбол мелдешине күйөрмандык кылып келген ата-энелер жаалдана мушташа кетишкен.
Чоңдордун урушу трибунада отургандардын бири экинчисин шлем менен башка чаап жибергенде тутанып кеткен. Ал жерде отурган башка ата-энелер да кармап турган кол чатыр, бөтөлкө жана башка буюмдар менен чабышып, жулкулдашып мушташкан. Видеодо аялдардын кыйкырып жатканын жана балдардын ыйлаганын да угууга болот.
Трибунада отургандардын мушташынан улам башкы калыс оюнду токтотууга аргасыз болгон.
Эми жергиликтүү бийлик чырдын чыгышына себепкер болгон кишини жоопко тартууну пландап жатат.