Атамбаевдин жактоочусу сурак тууралуу: чакыруу кагазы мыйзамсыз

Алмазбек Атамбаевди ИИМдин Башкы тергөө кызматы 9-июлда саат 10:00гө суракка чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дагы деле кол тийбестиги бар, укук коргоо органдары аны суракка чакыра албайт деген пикирин Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин кабарлангандай, Алмазбек Атамбаев 9-июлда ИИМге күбө катары суракка чакырылган. Бирок Атамбаев барбай турганын айтып, анын себеби азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти деген пикирин айтып, "алардын оюнун ойнобой турганын" билдирген. 

УКМК: зарыл болсо Атамбаевдин жан сакчыларын көбөйтүүгө даярбыз
Мурдагы президенттин жактоочусу суракка чакырган кагаз эмне үчүн мыйзамсыз экенин түшүндүргөн катты ИИМдин тергөө башкармалыгына жөнөткөнүн кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.