Дарыгерлер мышыкты өөп-жыттагандарга эскертти. Олуттуу ооруларды жуктурат

Адистер мышыктар кайсы ооруларды жуктура турганын санап беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дарыгерлер мышык олуттуу ооруларды алып жүрүүчүлөрдүн катарына киргендиктен аны төшөккө алып жатууга болбой турганын эскертишти. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер Сергей Агапкиндин айтымында, мышык ичеги курттарын, хламидиоз, токсоплазмоз, сальмонеллы, кургак учук жана туляремия ооруларынын козгогучтарын алып жүрөт.

"Мышыкты бакканда этият болуу керек. Аны алып жатканга таптакыр болбойт", — дейт адистер.

Көчөдө кетип бараткан алты иттин айласын кетирген мышыктын видеосун бул жактан көрүңүз.