Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Атамбаевди суракка чакырган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан келген чакыруу кагазы боюнча үн катты.

Ал журналисттердин "Эртең суракка барасызбы?" деген суроосуна "Булар (азыркы бийлик – ред.) укуктук талаадан чыгып кетти. Мен бул кагаздарды колго албайм, окубайм дагы. Алардын оюнун ойнобойм", — деп жооп берди.

Атамбаев ошондой эле ага келген бардык кагаздарды укук маселелери боюнча өкүлү Сергей Слесаревге берерин айтты.

"Азыркы бийлик мага каршы ишти козгоюн деп оюндар жүргөндө мыйзамдын баарын бузган. Биринчиден, бийлик укуктук талаага, укуктук ченемдерге кайтып келиши зарыл. Бийлик өзү Конституция менен мыйзамды сыйлашы керек. Бийлик мыйзамды сыйлап баштамайын алардын оюндарын ойногум келбейт", — деди Атамбаев.

Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.