"Жер-Үй" быйыл октябрда ишке кирет. Кендеги курулуштун сүрөттөрү

"Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Михаил Шубин алтын чыгара турган фабриканын курулушунун 50 пайызы аяктагандыгын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Жер-Үй" кенин иштеткен комбинатты ишке 2019-жылдын октябрында ишке киргизүү пландалууда. Бул туурасында өкмөт тараткан маалыматта айтылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жасалган сапарынын алкагында "Жер-Үй" кенине барып, андагы жүрүп жаткан иштер менен таанышкан.

Кенди иштетүүгө укук алган "Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Михаил Шубин өкмөт башчыга кенде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Ага таянсак, алтын чыгаруучу фабриканын курулушунун жалпы көлөмүнүн 50 пайызы аяктаган. Комбинат 2019-жылдын октябрында ишке кирет.

"Шубин бул долбоорго салынган инвестициялар тууралуу сөз кылып, кенде 1 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, анын 90 пайызы Кыргызстан жарандары үчүн берилерин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр курулуп жаткан объектилер, анын ичинде алтын чыгаруучу фабриканын башкы корпусун жана калдыктарды сактоо жайды көрүп чыккан.

Иш баштала электе соттошуп... Жер-Үй кенинин айланасындагы алешемдик
Абылгазиев ишкананын жамааты менен маектешип, компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине сапаттуу жумуш үчүн "Альянс-Алтын" компаниясы менен биргелешип иштешүү тапшырмаларын берген.

Өкмөт башчы бардык экологиялык жана техникалык талаптарды аткарууга көзөмөлдү камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бургандыгы белгиленген.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Жер-Үйдө" 2,68 миллион унцийге чукул алтын бар. Кенде бир тонна рудадан 26 граммга чейин алтын алууга мүмкүн болот. Долбоор ийгиликтүү өндүрүшкө кирсе, миңдеген жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.

Аталган кендин айланасында жаралган маселелердин күнгөй-тескейи менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.