Казакстандык мас аскер Ысык-Көлдө таксистти уруп, унаасын айдай качкан. Сүрөт

Автоунааны тартып алган кишини издөө үчүн милиция атайын операция жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды. Бул туурасында аталган аймактын милициясынан кабарлашты.

Бүгүн, 6-июлда, эртең менен тартип коргоо органдарына Бактуу-Долоноту айылынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

Казакстандык мас аскер Ысык-Көлдө таксистти уруп, унаасын айдай качкан. Сүрөт

"Ал таңкы 5.25тер чамасында ВАЗ-2104 ("Жигули") автокөлүгү менен Бактуу-Долонотудан чыгып, Кара-Ой айылына жүргүнчү жеткирип барган. Машинасындагы адам мас экен. Айтылган жерге жеткенде ал айдоочуну бетке бир уруп, машинасын айдап алып жок болгон", — деп билдиришти милициядан.

Бишкек: чак түштө Lexus 570 унаасын тартып кете жаздаган видео. Милициянын версиясы
Тартип коргоочулар аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, аны кармоо боюнча атайын план жарыяланганын айтышты. Бир нече сааттан кийин шектүүнү айдай качкан автоунаа менен кошо кармашкан.

"К.С. аттуу шектүү казакстандык жаран болуп чыкты. Ал атайын даярдыктагы отряддын ардагери экен. Автоунааны айдай качкандыгын мойнуна алып, мас болгондугун, ал абалда өзүнүн кылгандарына жооп бербей каларын айтты", — деп билдиришти милициядан.

Материалдар Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматына укуктук баа берүү үчүн тапшырылган.