Молдакун Абдылдаевдин сөөгү ишемби күнү жерге берилет

Аткаминердин сөөгү 2-июлда Көкөмерен суусунан табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кетип каза болгон өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин сөөгү ишемби күнү жерге берилет. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Көкөмеренге түшүп кеткен үй-бүлө. Кырсык болгон жердин картасы
Билдирүүгө ылайык, аткаминерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-июлда, саат 10.00дө Бишкектин Кара-Жыгач конушунун Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан №39 үйүндө өтөт. Сөөгү ушул эле аймактагы Көк-Жар айылынын көрүстөнүнө коюлат.

Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин тажыясын өткөрүүнү уюштуруу боюнча облус башчысы Алтынбек Намазалиевдин жетекчилиги алдында комиссия түзүлгөн. 

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон. Эки күндөн кийин аткаминер менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышты. 4-июлда кечинде 8 жаштагы небересинин сөөгүн алып чыгышты. Калган үй-бүлө мүчөлөрүн издөө иштери уланууда.