Батукаевдин иши: сот Салянованы тергөө абагында калтырды

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында №1 тергөө абагына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин №1 тергөө абагында калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты
Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин №1 тергөө абагында калтырылган.

Салянованын ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу анын жактоочусу Рабига Сыдыкова райондук соттун чечимин жокко чыгарып берүү өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Бирок ал жактоочунун суранычын канааттандырган эмес.