Кыргызстандык ишкер сабалды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты

Кол салуу 3-июль күнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Аксай айылынын чыга беришиндеги газ куюучу жайдын 55 жаштагы кожоюнун Тажикстандын жараны сабап салганын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Окуя 3-июль күнү болгон.

"Ал кыргызстандык ишкерден Тажикстандын жарандарына газ сатпоону талап кылып, ызырынып, аягында башка чапкан. Жыйынтыгында жабырлануучу Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилди. Ал эми кол салган киши Тажикстандын Исфара району тарапка качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

ЖМК: Кытай Кыргызстан аркылуу кирген туристтердин телефондорун текшерип жатат
Ага жооп катары Аксай айылынын тургундары Исфара — Ворух жолун жаап салышкан.

Көп өтпөй эки өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолукту. Пикир келишпестиктер ырбап кетпеш үчүн өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ал эми Исфара — Ворух жолундагы кыймыл 4-июль күнү саат экиде жанданды. Учурда абал туруктуу.