Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт

Каттамдар сентябрь айына чейин үзгүлтүксүз аткарылат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту жайкы туристтик сезондо төрт шаардан үзгүлтүксүз каттамдарды кабыл алып турат. Туристтерди ташыган учактар Ташкент, Алматы, Новосибирск жана Ош шаарынан келип-кетерин "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Эң алгачкы болуп өзбекстандык туристтерди Uzbekistan Airways компаниясы 27-июнь күнү алып келген. Ташкент — Тамчы каттамы сентябрь айына чейин аптасына бир ирет, бейшемби күндөрү аткарылмакчы.

Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
Ал эми QAZAQ Air компаниясынын учагы Алматыдан 74 жүргүнчүсү менен 1-июлда Тамчы айылына келип конду. Каттам аптасына эки ирет, дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат;

Россиялык туристтерди "Сибирь" компаниясы жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү алып келип турмакчы. Мындай милдетти мойнуна S7 компаниясы алган;

Ысык-Көлгө башка шаардан учак менен эң көп каттагандар — Ош облусунун тургундары. Анткени түштүк калаадан Тамчыга жумасына төрт жолу, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү самолёт учат.