Молдакун Абдылдаевдин бүлөсүн суудан издеп жатышат. Сүрөттөр

Учурда аткаминердин жубайы, баласы жана небереси изделүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү табыла элек. Бул туурасында облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 2-июлда, саат 17.20да Жумгалдын Арал айылынын тушунан айдоочунун, саат 20.00дөрдө андан 12 чакырым алыстыктан Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылган. Учурда анын жубайы, баласы жана небереси изделүүдө.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиевдин жетекчилиги алдында Абдылдаевдин тажыясын уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлдү.

Сууга түшүп кеткен аткаминердин кызы элден жардам сурады. Кырсыктын чоо-жайы
Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн 110 куткаруучу тартылганын ӨКМден билдиришти. Жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барган.

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Молдакун Абдылдаев, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочусу болгону айтылган. Кызы Индира Абдылдаеванын айтымында, атасы 29-июнь күнү Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жаткан.

Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткени айтылган.