Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы төрагага "Депутаттар соцтармакта көп талкууланган маселелерди чукул арада карап чыгат. Бирок улам-улам калпыстыктарды кетирип жаткан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ишине эмнеге парламент керектүү деңгээлде көңүл бурган жок?" деген суроо узатты. Журналист ошондой эле эл өкүлү Элвира Сурабалдиева да Кудайбердиеваны кызматтан кетиши керектигин билдирип, бирок аны бирөө калкалап жүргөнү туурасында айтканын белгиледи.
Ошондой эле спикер Кудайбердиеваны кызматтан кетирүүгө негиз жок деп эсептей турганын айтты.
"Мыйзамдын алкагынан чыгып кеткен кемчиликтер болсо жооп бериши керек. Кызматынан кетиши керек, мен да кошулам. Тегиз карап берүү зарыл. Азыркы тапта менин жеке оюмда анын кызматтан кетишине негиз жок. Бирок депутаттардын маалыматтары болсо, комиссия түзсө, жыйынтыктарын карап көрөбүз", — деди төрага.
Бүгүн, 3-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 6-чакырылыштагы парламенттин 5-сессиясынын жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү.