Борбор калаада пластик, кагаз жана айнек таштанды үчүн урналар орнотулду. Сүрөт

Азырынча шаар боюнча 10 челек коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы таштандынын түрүнө жараша урналарды орното баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору пластик, кагаз жана айнек таштандыны ар түскө боёлгон урналарга сала алышат.

Өнүккөн өлкөлөр желим таштанды менен күрөшүн баштады
Идея менен эскиздик долбоор Биринчи Май райондук акимиатына таандык. Ал эми урналар "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан жасалган.

Биринчи этапта 10 урна даярдалып, алтоо Курманжан датканын эстелигинин аймагына орнотулган. Калгандары жакынкы күндөрү Уркуя Салиеванын скверине жана Чүй менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жаңы аянтчага коюлат.

Мэрия келечекте калган урналардын бардыгын жаңыга алмаштырууну пландоодо.