Айыл чарба министрлиги: элеттегилер 4,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя алды

Жалпысынан 9560 фермерге насыя берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоорунун алкагында 28-июнга карата 4 миллиард 638 миллион 347 миң сомго 9560 жеңилдетилген насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Элеттегилер 6 пайыздык насыяны кантип ала алат? Жол-жобосу
Анын ичинен 692 чарба субъектилери кепилдиксиз 84 миллион 437 миң сом акча каражатын алышкан.

Маалыматка ылайык, “Дыйканчылык” программасы боюнча 1 миллиард 8 миллион 794,9 миң сом акча каражатына 2668 жеңилдетилген насыя берилген.

“Мал чарбасы” программасына 2 миллиард 566 миллион 568,1 миң сомго 6642 жеңилдетилген насыя берилди.

Ал эми "Айыл чарбасын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү” программасына - 962 млн. 984,4 миң сомго 250 жеңилдетилген насыялар берилди.