Бишкекте эки баланы сабап, биринин кулагын жабыркаткан киши камакка алынды

Балдарга кол көтөргөн адам 25 жашта. Ага Жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаада эки балага кол көтөрүп, биринин кулагынын тарсылдагын жарып салган киши камалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков билдирди.

Сокулукта балдарын катуу сабады делген ата кармалды
Эске салсак, буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги милиция кызматкерлеринин шалаакылык ишине нааразы болгон Гүлзат Жумакованын арыз-муңун жарыялаган. 20-июнда Жал кичи районунда үйдүн короосунан анын 10 жана сегиз жаштагы уулдарын 24 жаштагы киши сабап салган. Улуусу ооруканага жаткырылып, дарыгерлер кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен деген диагноз коюшкан.

Жумакованын айтымында, окуя 20-июнда катталганы менен милиция убагында бул ишке көңүлкош мамиле жасап койгон. Тергөөчү "аткаминердин баласы" делген шектүүнү көрсөтмө бергенге чакырбай, ага жеңил жаза берүүгө аракет кылган. Тагыраагы, Жоруктар кодексинин 65-беренеси ("Уруп-сабоо") боюнча гана иш козгогон.

Бишкек ШИИБ маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков балдарды урган адамга башка берене менен иш козголуп, ал 10 күнгө камалганын белгиледи.

"Буга чейин ага Жоруктар кодексинин 65-беренеси ("Уруп-сабоо") боюнча иш козголсо, эми ал кайра квалификацияланып, шектүүгө Жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголду. 29-июнда кылмышка шектүү деген 25 жаштагы адам колго түшүрүлгөн. Кечээ, 30-июнда, Ленин райондук соту тарабынан ал 10 күнгө №1 тергөө абагына камалды", — деди Жумаков.

Ал эми уруп-сабалган балдар учурда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында.